8-декабрда Бишкек шаарында стол үстүндөгү теннис боюнча Кыргызстандын клубдар аралык Ачык биринчилиги аяктады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана Түркмөнстан мамлекеттеринен 17 команда катышты.
Жыйынтыгында кыргызстандык “Газпром Нефть Азия” клубу чемпион болду. Күмүш дагы бир кыргызстандык клуб “Карвенге” буюрса, коло ээси казакстандык “Масанчи” клубу болду.