Биз социалдык тармакта

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Бишкекке келди

Бүгүн, 26-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев мамлекеттик сапар менен Бишкекке келди.

Буга чейин өлкө башчынын маалымат кызматы сапардын алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалганын маалымдаган.

"Өлкө лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат.

Шавкат Мирзийоевдин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөт" деп жазылган маалыматта.

Видео: Улан Джумаков

Бишкекке Өзбекстандын президенти келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан