31-январда түнкүсүн өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.
Кабарлангандай, дыйканчылык аймактарда кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…-5;
Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5;
Нарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз +5…+7.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.