
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы ооруканада 24 жаштагы жигит бутунан алган жаракатынан өзүнө келбей көз жумду. Маалымат облустук милиция тарабынан тастыкталды.
Билдирмеге ылайык, окуя 28-январда саат 3:30 чамасында болгон. Анда "Тез жардам" кызматы милицияга Саматов көчөсүнөн мас абалда 24 жаштагы Т.Т. бутунун үч жеринен учтуу нерсе менен сайылган абалда шаардык ооруканага алынып келингендигин билдирген.
Натыйжада Т.Т. денесинен алган жаракатынан улам Майлуу-Суу шаардык ооруканасында өзүнө келбей каза болгон.
Аталган окуя каттоого алынып, Кылмыш Жаза-Кодексинин 130-берене
(ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 29 жаштагы Майлуу-Суу шаарынын тургуну
Р.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.