Биз социалдык тармакта

Курманкул Зулушев прокуратурада коррупция бар экенин моюнуна алды

Кыргызстандын прокуратурасында коррупция толук жоюла элек. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 31-январда өткөн маалымат жыйында айтты.

"Жок дей албайм, адам баласы экенбиз да. Сотко катышкандардын бир-экөөнөн байкалып калып жатат. Коррупцияга каршы көзөмөл бөлүмү дагы ишканаларды текшерүү менен жүрөт. Булар дагы анча-мынча байкалып калып жатат. Биз булар менен күрөшүп келебиз. Толук 100 пайыз жоюлду дегенден алысмын. Бирок дээрлик олчойгон сумма талап кылуу жана кызыкчылык менен иштөө дегендерди биз жойдук деп айта алам. Бул боюнча талап өзгөчө", - деди Зулушев.

Ошондой эле Зулушев тааныш аркылуу кызматка келүү учурда прокуратурада жок экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан