Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Салимжанов Бообек Эркинбекович президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Ал 2017-жылдан 2019-жылга чейин Орусиянын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу кызматын аркалаган.
Ага чейин президенттин аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу, кадрлар менен иштөө бөлүмүнүн инспектору болгон.