Биз социалдык тармакта

Чөнтөк ууруларынан кантип сактануу зарыл? Милиция берген 9 кеңеш

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы жарандарды чөнтөк уурулардан сактануу кеңештери менен бөлүштү.

Ага ылайык:

* эл көп чогулган транспортто, дүкөндөргө же башка эл көп чогулган жерлерге барганда этият болсоңуз, чөнтөк ууруларынан сактанууга болот.

* сумкаңыздын сыдырмаланганын текшериңиз. Аны эл көп жерде өзүңүзгө жакын кармаңыз.

* Капчыктын ичиндеги акча каражатын ачык санабаңыз.

* Капчыктар же уюлдук телефондор кийимдерден айырмаланып, өзүнө көңүл бурбай турганына көңүл буруңуз.

* Артыңызда же капталыңызда турган, сизге жакындагысы келген адамдарга көңүл буруңуз.

* Эч качан акча каражаты бар сумкаңызды арабага салбаңыз.

Кылмышкердин кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жарандар төмөнкүлөрдү эстеп калуусу керек:

* кол салуучунун сырткы көрүнүшүн эстеп: анын кийген кийими, болжолдуу бою, жашы, дене түзүлүшү; кылмышкер кайсы тарапка качып кеткен;

* болгон окуя тууралуу ички иштер органдарына токтоосуз билдирүү;

* окуя болгон жерден милиция кызматкерлерин күтүү.

Милиция берген 9 кеңеш
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан