Жогорку педагогикалык билими жана 7 жылдан кем эмес педагогикалык иш тажрыйбасы барлар директор боло алат. Бул туурасында мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына жарыяланган сынактын жобосунда айтылат.
Жобого ылайык, конкурска төмөндөгү квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз жарандары катыша алат:
- жогорку педагогикалык билими жана 7 жылдан кем эмес педагогикалык иш тажрыйбасы барлар;
- атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн адистештирилген жалпы билим берүү уюмдарына);
- аракетке жөндөмдүү, аларга карата аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери жок адамдар;
- соттолбогондор;
- Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн медициналык каршы көрсөткүчтөрү жоктор;
- мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аныкталган мөөнөттүн ичинде педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенүү укугу чектелбегендер;
- жалпы билим берүү уюмунун административдик финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын билгендер;
- билим берүү системаларын башкаруу ыкмаларын, маалыматтык технологиялар жана тез башкаруу чечимдерин кабыл алуу боюнча көндүмдөрүн, алардын кесепеттерин болжолдоо, ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана эл алдында чыгып сүйлөө көндүмдөрүнө ээ болгондор;
Керектүү документтер:
Талапкер документтердин көчүрмөлөрүн өзүнүн жеке электрондук почтасы аркылуу тиешелүү болгон облустун электрондук дарегине жөнөтөт.
Сынактын толук жобосу шилтемеде.