Биз социалдык тармакта

Өлкөдө балага "сүйүнчү" берүү жанданды

Өлкөдө балага "сүйүнчү" берүү жанданды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында айтылат.

"Январдын башынан бери 18 миң ымыркайдын ата-энесине жалпысынан 70 миллион сомдон ашык берилди", - деп айтылат билдирүүдө.

2022-жылдын жылдын декабрында улуттук маалымат базасы жаңыртылгандыктан каражат берүү убактылуу токтотулган болчу.

Жөлөк пулдун суммасы 4 миң сомду түзөт. Эгер үй-бүлөдө бир учурда 3 же андан көп бала төрөлсө, ар бирине 50 миң сомдон каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан