Бишкек шаарында катуу таштандыларды иргөөчү дагы бир пункт иштей баштады. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган жай Октябрь районунун аймагындагы Анкара көчөсүндө жайгашкан.
"Анда 12 евроконтейнерлер, 2 видеокөзөмөл камерасы орнотулган.Таштандыны иргөө үчүн иш бөлмө курулуп, суу, канализация жана электр энергиясы менен камсыздалды.
Контейнерлерди жаан-чачындан коргоо үчүн атайын бөлүнгөн жердин үстү тосулган. Аларды орнотууда жакынкы үйлөрдүн калкы да эске алынган", - деп жазылат маалыматта.