Биз социалдык тармакта

Бишкекте үйүндө жатып калган 84 жаштагы жаранга жардам көрсөтүлдү

Бишкекте үйүндө тура албай калган 84 жаштагы жаранга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя бүгүн, 3-февралга караган түнү саат 01:00 чамасында Бишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан турак үйдө болгон. Анда бекилип калган батирдин эшигин куткаруучулар ачканда 1939-жылы туулган С.Г. аттуу жаран тура албай калганын көрүшкөн.

Тартылган куткаруучулар аялды тургузуп керебетине жаткырышкан. Үй ээси медициналык жардамга муктаж болбогону айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан