Жогорку Кеңештеги “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Асан Гайыповго костюм менен келишин талап кылды.
"Өкмөттүн өкүлү Асан мырза, сиз тойго келдиңизби? Жемпирчен келиптирсиз. Костюмуңуз жокпу? Сиз бизге келген конокторго үлгү болушуңуз керек да. Жакшынакай болуп галстук тагынып, костюм шым кийип келбейсизби", - деди Токторбаев.
Депутаттын бул сынынан кийин өкмөттүн өкүлү костюм шым кийип келди.