Таласта мамлекетке 30 миллион сом зыян келтирүүгө шектелген чиновниктер үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Коррупцияга шектелип кармалган Талас шаарынын вице-мэри менен Талас шаардык кеңешинин кызматкерлери мамлекеттик бюджетке 5 миллион сом кайтарып беришкен. Мындан сырткары келтирилген зыяндын калган бөлүгүн төлөп берүүгө милдеттендирилген.
Буга чейин Талас шаарынын биринчи вице-мэри Б.М., Талас шаардык кеңешинин төрагасы Ж.А., вице-спикер К.А. жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Д.М. кармалгандыгы маалымдалган.
Атайын кызмат алар Талас шаарында муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген Ошол эле учурда 2020-2022-жылдар аралыгында мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашык зыян келтирүүгө айыпталып жатканын аткан.
Талас шаардык соту айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.