Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Венгрияда өтө турган BOCSKAI эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматында айтылат.
Курама команданын тизмеси:
1. Асылбек Аманкул уулу – 48 килограмм;
2. Нуржигит Дүйшөбаев – 51 килограмм;
3. Санжар Сейдакматов – 57 килограмм;
4. Мунарбек Сейитбек уулу – 60 килограмм;
5. Жакшылык Таалайбеков – 67 килограмм;
6. Эркин Адылбек уулу – 86 килограмм.
Бокс боюнча курама команданын мүчөлөрү башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги астында мелдешке катышат.
Спорттук иш-чара 6-12-февраль күндөрү Дебрецен шаарында өтөт.