Таласта чек арага жакын жерден курал-жарактар жашырылган жер табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирет.
Маалымдалгандай, жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында Кара-Буура районунун Казакстан менен чектешкен тоолуу аймагынан жашыруун жай табылып, андан (РГД-5) жарылуучу зат жана номерлери өчүрүлгөн 12-калибрдеги жылмакай мылтык табылып алынган.
Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.