Бүгүн, 4-февралда Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кабарлангандай, жер титирөө саат 10:04тө болгон.
"Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4 балл, Сары-Таш, Арча-Булак жана Чоң-Алай районунун Кара-Киндик айылында 3 баллга чейин сезилген", - деп айтылат билдирүүдө.
Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.