Түркиянын курамасынын жана "Фенербахче" футболдук клубунун мурдагы дарбазачысы Волкан Демирель социалдык тармактагы баракчасында түз эфирде жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүүнү суранып жатып, ыйлап жиберди.
"Хатайда элдин баары каза болуп жатат. Тезинен жардам бергиле, бул жерде абал өтө начар. Жардам бергиле, эл менен байланыша албай жатабыз. Биз өз алдыбызча эч нерсе кыла албайбыз. Колуңардан келген жардамды жөнөтүшүңөрдү каалайм. Бул абал Хатайда гана эмес, коңшу облустарда да бар. Аллах ыраазычылыгы үчүн жардам бериңиздер", - деп көзүнө жаш алды ал.
Демирель учурда жер титирөөдөн катуу жабыркаган Хатай аймагынан "Хатайспор" футболдук клубун жетектейт. Демирель футболчу катары Түркия чемпиондугун беш жолу утуп, улуттук курама команда менен 2008-жылы Европа чемпиондугунда коло байге уткан.
?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>