Биз социалдык тармакта

Бишкекте Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат

Бүгүн, 7-февралда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Эл артисти Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров, маданият кызматкерлери жана жакындары катышууда.

Маалым болгондой, маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Белгилүү кинорежиссёр Базаров 6-февралга караган түнү дүйнө салган.

Геннадий Базаров автордук кыргыз киносун түптөөчүлөрдүн бири. Өткөн жылы II даражадагы мамлекеттик “Манас” ордени менен сыйланган. Анын "Саманчынын жолу", "Буктурма" жана башка тасмалары өлкөнүн кино хроникасына түбөлүккө жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан