Түркиядагы жер титирөөдөн улам Адана шаарында бир Кыргыз жараны жабыркады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, жер титирөөдөн жабыркаган жаран 39 жашта. Ал ооруканадан керектүү медициналык жардам алгандан кийин чыгарылды жана абалы туруктуу.
Ал эми алдын ала маалымат боюнча каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок.
"Анталиядагы Башкы консулдуктун кызматкерлери Адана шаарына барышты. Анда муктаж болгон 10 кыргызстандыкка тамак-аш, суу, жылуу кийим-кече жана жууркан-төшөк, ысык тамак жана коопсуз жайга жайгаштыруу сыяктуу жардамдар көрсөтүлдү", - деп билдиришти министрликтен.