Эртең, 8-февралда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында көрсөтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0 … -5, күндүз +6 … +11,
Талас облусунда түнкүсүн -2 … -7, күндүз +5 … +10,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2 … +3, күндүз +8 … +13,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3 … -8, күндүз +4 … +9,
Нарын облусунда түнкүсүн -12 … -17, күндүз 0 … -5,
Бишкекте түнкүсүн 0 … -2, күндүз +8 … +10.