Башкы прокурор менен соттордун атын жамынып алдамчылык менен алектенгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратурага Ф.у.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, айрым жарандар башкы прокурор менен сотторго пара берип, кайрылуу ээсине таандык Чүйдүн Сокулук районунда жайгашкан жер тилкесин алдамчылык жолу менен тартып алууга аракеттенип жатышкандыгын билдирген.
"Текшерүүдө Б.О. жана О.А. аттуу жарандар алдоо жолу аркылуу "Башкы прокуратуранын жетекчилиги менен сүйлөшүлдү" деп Р.А. жана Э.Т. аттуу адамдардын ишеничине кирип, Жогорку сотто каралып бүткөн жер маселеси боюнча жарандык ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра каралышына көмөк көрсөтүп берүү үчүн 7 600 доллар алышкандыгы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары Б.О. жана О.А. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Башкы прокуратура жарандардан мыйзамсыз аракеттерде прокуратура органдарынын жетекчилеринин атын жамынуу фактылары орун алса, ыкчам түрдө +996 (312) 54-28-18 ишеним телефону аркылуу маалымдоону өтүнөт.