Футбол боюнча Гана улуттук курама командасынын жана Түркиянын "Хатайспор" футболдук клубунун жарым коргоочусу Кристиан Ацу Түркиядагы жер титирөөдөн кийин дайынсыз жоголду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жер титирөөдөн кийин команданын айрым футболчулары урандылардын алдынан чыгарылган. Бирок ганалык футболчуну табуу мүмкүн болгон эмес. Аны менен кошо клубдун директору Танер Савут дагы дайынсыз болуп жатат.
31 жаштагы Кристиан Ацу буга чейин Англиянын "Челси" жана "Ньюкасл" футболдук клубдарында ойногон.