Чүй районунун Калыгул айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, мектептин ачылышына арналган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Жамиля Исаева, Медербек Саккараев жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.
"Азем алкагында салт болуп калган кызыл лента кесилип, расмий меймандар мектептин ичин кыдырып көрүп чыгышты. Бардык шарттары менен курулган мектептин абдан жылуу, класстары жарык, спорттук залы, ашканасы заманбап ыңгайда курулганына күбө болушту", - деп айтылат маалыматта.