Биз социалдык тармакта

Түркияга кеткен кыргыз куткаруучулары Кахраманмараш шаарына барышты

Кыргызстандан барган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу Түркиянын Кахраманмараш шаарына барышты. Маалымат ӨКМ тарабынан белгилүү болду.

Белгилүү болгондой, алар Түркиянын “AFAD” куткаруучулардын базасынан тиешелүү тапшырмаларды алып жатат.

Эске салсак, 6-февралда саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болду. Ал Сириянын бир нече провинцияларында жана Ливанда да сезилген. Буга байланыштуу аталган өлкөнүн президенти Режеп Тайып Эрдоган жети күндүк улуттук аза күтүү жарыялаган.

Кыргызстан табият кырсыгынан жабыркагандарга көмөк көрсөтүү максатында ӨКМнын 63 куткаруучусун Түркияга жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kun-nuru
2023-02-08 17:34:00
Аллахым күч кубат берсин. Чоң жардамыңарды көрсөтүп өзүңөр да аман кайткыла оомин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан