Бишкекте терминалдан 50 миң сом уурдаган жаран кармалды

Бүгүн, 8-февралда Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

"Жылдын башында дүкөндө терминал бузулуп, андан 50 миң сом уурдалган. Аталган факты 205-берене («Уурдоо») менен каттоого алынган", - деп айтылат маалыматта.

Кабарлангандай, кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган О.Ж. аттуу жаран кармалган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кармалган жарандын башка кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Буга байланыштуу укук коргоо органдары шектүүнүн аракеттеринен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар бардык жарандарды 0 (505) 108-844 жана 102 телефон номурларына билдирүүнү суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан