Бүгүн, 8-февралдан тартып Жалал-Абад шаарындагы Ж.Бакиев көчөсүнүн Н. Айтматова жана Чехов көчөлөрү менен кесилишкен аралыгы бир тараптуу жолго айланды. Бул туурасында шаардык мэриянын маалымат борбору билдирди.
Мындай чечим жарандардын унаа токтотуучу жайга болгон муктаждыгын жоюу максатында кабыл алынды. Атап айтканда, жолдун бир тарабына унаа токтотуучу жай уюштурулган.
Ал эми жолдун экинчи тарабына дагы деле унаа токтотууга тыюу салынат. Жеринде Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүрүп жатканы маалымдалды.