Биз социалдык тармакта

ӨКМ өлкөнүн тоолуу аймактарында көчкү түшүшү мүмкүн экенин эскертти

9-февралдан 11-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кооптуу жерлер:
- Бишкек — Ош жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу) жана 198-265-чакырымдары (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу);
- Суусамыр — Талас — Тараз жолунун 1-14-чакырымдары (Өтмөк ашуусу);
- Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 70-107-чакырымдары;
- Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 68-113-чакырымдары (Чапчыма ашуусу);
- Красная-Горка — Ак-Таш жолунун 2-чакырымдарында көчкү түшүп, күрткү жаралышы күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Министрлик жолдогу унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы зарылдыгын эскертти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан