Түркиядагы жер титирөөдөн ураган имараттардын алдынан Кыргыз өлкөсүнөн барган ӨКМнын курткаруучулары бүгүн, 9-февраль саат 7:50гө карата 19 жарандын жансыз денесин чыгарышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учурда Түркия мамлекетинде издөө, куткаруу иштерин аткарган куткаруучулары, жергиликтүү убакыт боюнча саат 4:50, ал эми Кыргызстандын убактысы менен 7:50дө ураган имараттардын алдынан 19 адамдын сөөгү чыгарылганын маалымдашты.
Учурда издөө иштери 24 саат бою үзгүлтүксүз уланууда.