Биз социалдык тармакта

Парламенттин төрагасы баштаган депутаттар иш сапары менен Казакстанга кетти

Бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттардын тобу иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, эл өкүлдөрү Түркстан шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекеттеринин парламенттеринин жетекчилеринин I форумуна катышат.

"Анын алкагында Нурланбек Шакиев бир катар жолугушууларды өткөрүп, Борбордук Азия чөлкөмүндөгү алакаларды арттыруу жаатында парламенттердин ролун жогорулатууга байланышкан иш-чараларга катышат", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров, Марлен Маматалиев, Ырысбек Атажанов, Чыңгыз Ажибаев, Мейкинбек Абдалиев жана Фарходбек Алимжанов бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан