Жаракат алган баскетболчу Коби Брайант 8 айлык тыныгуудан кийин биринчи оюнун өткөрдү

УБАнын (Улуттук баскетбол ассоциациясы) “Лос-Анжелес Лейкерс” командасынын өкүлү Коби Брайант жаракатынан айыгып, бүгүн, 9-декабрда 8 айлык тыныгуудан кийин биринчи оюнун өткөрдү. Бул тууралуу америкалык басылмалар билдирди.

Маалыматка ылайык, 35 жаштагы баскетболчу “Лейкерс”-“Торонто Рапторс” командаларынын беттешинде баскетбол майданына чыгып, 28 мүнөт ойноду. Беттеш 96:104 эсебинде “Лейкерстин” жеңилүүсү менен аяктаган.

Эске салсак, Коби Брайант баскетбол майданына акыркы жолу үстүбүздөгү жылы апрель айында чыккан. Күз айларында “Лейкерс” менен жылдык маянасы 48 миллион долларды түзгөн 2 жылдык келишимге кол койгон.

Эгер Брайант келишим боюнча 2016-жылга чейин аталган клубда ойноону улантса, 20 жыл бир клубда ойногон жалгыз баскетболчу катары УБАнын тарыхына кирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан