Сауд Арабиянын "Аль-Наср" клубунда ойногон португалиялык футболчу Криштиану Роналду Сауд Арабия чемпиондугунун 16-турундагы "Аль-Вахд" менен болгон оюнда төрт гол киргизди.
Беттешке капитан катары старттык курамда чыккан 38 жаштагы португалиялык футболчу 21-мүнөттө эсепти ачып, 40-мүнөттө дубль жасап, 53-мүнөттө пенальтиден гол киргизип хет-трик жасап, 61-мүнөттө покер гол киргизди.
Роналдунун покеринин аркасында “Аль-Наср” конокто “Аль-Вахд” командасын ири эсепте жеңип алды.
Криштиану Роналду акыркы жолу 2019-жылдын 10-сентябрында покер жасаган. Анда ал Португалия курамасы менен Литвага каршы оюнда 4 гол киргизген. Оюн 5:1 эсебинде аяктаган.