Бүгүн, 10-февралга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 миллиард 960 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
"Суунун агып келиши секундасына 163 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 747 куб метрди түзүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Мындан улам өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.
Ал эми былтыр бул маалда суунун көлөмү дээрлик 230 миллион куб метрге көп болгону айтылды.