Биз социалдык тармакта

Чүйдүн милициясы өспүрүмдөр арасында рейддик иш-чара өткөрдү

Чүй районунда өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, анда район аймагындагы Жаңы-Жол интернатынын тарбиялануучуларына жана мектептердин окуучуларына түшүндүрүү иш-чаралары жана лекциялар өткөрүлдү.

Ошондой эле турак жайсыз, кароосуз калган өспүрүмдөрдү аныктоо максатында коомдук жайлар, кафе-ресторандар, түнкү барлар, мейманканалар текшерүүгө алынды.

"Иш-чаранын максаты жашы жете элек кыздарды сойкулук кылууга тартуу фактыларын болтурбоо, турмуштук оор абалда турган жашы жете электерди жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү аныктоо" деп жазылат маалыматта.

“Притон” аталышындагы иш-чара 8-10-февраль аралыгында өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан