Биз социалдык тармакта

“Торугарт” бекети кадимки тартипте иштей баштады

Бүгүн, 10-февралдан тарта кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү бекети кадимки тартипте иштей баштады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, Кытайдын аймагындагы жолго таш кулагандыгына байланыштуу аталган чек ара бекети убактылуу ишин токтоткон болчу. Кытай тарап жолго түшкөн таштарды тазалап бүттү.

Буга чейинки киргизилген алгоритм боюнча “Торугарт унаа жолу” аркылуу жүк ташуучу унаалар өткөрүлүп баштады. Кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” өткөрүү бекети дагы кадимки тартипте иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан