Биз социалдык тармакта

Акылбек Жапаров Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине көңүл айтуу сөздөрүн калтырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине көңүл айтуу сөздөрүн калтырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал 2023-жылдын 6-февралында орун алган жер силкинүүлөрдүн кесепетиндеги көп сандаган адам курмандыктарына байланыштуу ачылган көңүл айтуу китебине боордош түрк элине терең кайгыруу менен көңүл айтуу сөздөрүн калтырды.

"Боордош элге адамдардын өмүрүн алган жаратылыш кырсыгына байланыштуу аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам. Жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалайм. Кыргыз Республикасы кыйратуучу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда сиздерге колдоо көрсөтүүгө даяр”, – деп жазды Акылбек Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан