Алмазбек Исманкулов коррупцияга шектелип кармалды

"Көз микрохирургиясы" госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов менен Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгы боюнча департментинин башчысы Талант Рыскулбек уулу кармалды. Маалыматты бүгүн, 11-февралда Башкы прокуратуранын маалымат кызматы тастыктады.
Ага ылайык, кармалган адамдар Бишкектеги №6 клиникалык оорукананын экинчи корпусуна байланышкан коррупцияга шектелүүдө. Алар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгендиги маалым болду.
Белгилей кетсек, башкы көзөмөл органы кечээ Исманкулов менен Бишкек шаардык мэриясынын тийиштүү кызмат адамдарына "Коррупция" беренеси менен иш козголгонун кабарлаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Саман
2023-02-12 06:40:00
Кызыл кызыл кекиртек кыйла жерге секиртет. Эми азабын тартат өкүнөт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан