Коргоо министрлиги Түркияда болгон жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам катары аскердик чатырларды жөнөтөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
"600 адамга ылайык келген чатырлар Коргоо министрлигинин Оорук базасында камдалып даяр турат. Алар 20, 30 жана 40 адамга, жылдын төрт мезгилине ылайыкташтырылган", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, министрликтин кызматкерлери бир күндүк маянасын которушары кошумчаланды.
Белгилей кетсек, кыргыз бийлиги Түркияда жабыркагандарга жардам берүү максатында депозиттик эсеп ачып, жер-жерлерде гуманитардык жардамдарды топтоо иштерин жүргүзүүдө.