Балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмактагы балбандар арасындагы дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жазылат.
Белгилүү болгондой, спортчу өзүнүн салмагында 45 миң упай менен биринчи сапка жайгашты. Ал 2022-жылды экинчи орун менен жыйынтыктаган.
Эскерте кетсек, Махмудов 2022-жылы дүйнө чемпиондугунда жеңишке жетишкен. Муну менен спортчу Кыргызстандын тарыхында эркек балбандар арасында дүйнө чемпиону болгон алгачкы спортчу аталган.
Аталган рейтингде дагы бир кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков сап башында турат. Ал грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмакта 45 миң упай менен 1-орунга жайгашкан.