UWW уюму Бишкекте күрөш боюнча рейтингдик мелдешти өткөрүүгө уруксат берди

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) Бишкекте күрөш боюнча рейтингдик мелдешти өткөрүү боюнча Кыргызстандын күрөш федерациясынын арызын канааттандырды. Бул туурасында аталган федерациянын маалыматында айтылат.

Белгилүү болгондой, 2023-жылдагы үчүнчү рейтингдик мелдеш 1-4-июнда Бишкекте өтөт. Ал Kaba Uulu Kozhomkul & Raatbek Sanatbaev деп аталат. Анда балбандар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча килемге чыгат.

Мындан сырткары, UWW уюму Бишкекте дагы бир турнирди өткөрүүнү колдоду.

"Борбор калаада 10-18-июнда жаштар арасында күрөш боюнча U17 жана U23 Азия чемпионаты өтөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Бишкекте 2022-жылы U17 жана U23 Азия чемпионаты, 2018-жылы чоңдор арасында Азия чемпионаты жана 2012-жылы кадеттер арасында Азия чемпионаты өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан