Бүгүн, 15-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов жарандардан алдамчылык боюнча кайрылуулар көп келип жатканын айтты.
"Ялкун Абдуллаев деген ким, укук коргоо органдары так маалымат берип койсунчу! Кыргызстандын 4 районунан 4 паспорт алыптыр. Бир жерде 1964-жылкы десе, башка жерде 1959-жылы туулган деп көрсөтүп. Кыргызстанда дагы 2-3 мамлекеттин мыйзамсыз паспорттору менен жүрөт имиш. Бул 2007-жылдан бери өлкөдө көптөгөн кылмыштарды жасаган экен, бүгүн Кыргызстанда жүрөт. Абдуллаев Ялкун Абдуллаевич ким деген суроого жооп берип коюшсун", - деди Атазов.