Кыргызстандын командасы каратэ-до боюнча эл аралык турнирде биринчи орунду ээледи

Бишкекте 800дөй спортчунун катышуусунда каратэ-до боюнча эл аралык турнир өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, WKF каратэ-до боюнча Bishkek Open-2023 XV эл аралык турнири 10-12-февраль аралыгында уюштурулган.

Турнирге Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь жана Орусиядан келген 26 команда катышкан. Жаш курактары 5 жаштан 18 жашка чейинки жана андан улуу 800дөн ашык спортчу күчүн сынады.

Анын жыйынтыгы менен Кыргызстан командалык эсеп боюнча биринчи орунду камсыз кылды.

Командалык эсепте турнирдин жыйынтыгы төмөндөгүдөй:

1-орун – "Кейхатсу" клубу Бишкек - 19 алтын, 13 күмүш, 37 коло медаль;
2-орун – Жамбыл облусунун командасы (Казакстан) - 15 алтын, 10 күмүш, 16 коло медаль;
3-орун – Чымкент шаарынын командасы (Казакстан) - 11 алтын, 15 күмүш, 18 коло медаль.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан