
Кыргыз Республикасынын ок атуу спорту боюнча курама командасынын мүчөлөрү
Асхат Токмоков жана
Арууке Талантбекова Каир шаарында өтө турган Дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу Спорт департаменти кабарлады.
Мелдеш 17-23-февраль күндөрү өтөт.
Курама команда улук машыктыруучу Мэри Исмаилованын жетекчилиги алдында мелдешке катышат.