UFC уюмундагы жаңжал: Ислам Махачев билдирүү жасады

UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Ислам Махачев "UFC 284" турниринде австралиялык Александр Волкановски менен болгон беттештин алдында эреже бузулду деген дооматтарга жооп берди. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

"USADA (допингге каршы уюм) менен иштешкен эксперттер бар. Мен бул боюнча комментарий бергим да келбейт. Беттешке чейин жана андан кийин мени төрт жолу текшеришти. Кимдир бирөөлөр менин тамырым көк ала болгон сүрөт жарыялашыптыр. Австралияда алардын өздөрүнүн комиссиясы бар.

Шаршемби күнү кан алынып, бейшемби күнү фотосессия болгон. Бул теманы бир эле мушкер көтөрүп жатат. UFC жана USADA'дан эч кандай суроолор болгон эмес", - деген Махачев.

Буга чейин жаңы зеландиялык мушкер Дэн Хукер жеңил салмактагы чемпион Ислам Махачевди UFC эрежесин бузган деп айыптаган. Ал Ислам Махачев беттеш алдында тамчылатма колдонгонун, анда далилдер бар экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан