Кечээ, 17-февралда Бишкек шаарында шахмат боюнча өлкө чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, мелдешке жалпы 93 спортчу катышып жатат.
Чемпионаттын ачылыш аземине Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын жана Кыргыз шахмат союзунун мүчөлөрү катышты.