Биз социалдык тармакта

Бишкек-Ош унаа жолуна көчкү түшүп, эки постто чектөө киргизилди

Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, "Сосновка" постунда унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, бүгүн саат 09:30дар чамасында Токтогул районуна караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында кар көчкү түшкөн (Шаркыратма тилкеси). Учурда кар көчкүнүн көлөмү такталып жатат.

"Тиешелүү кызматтын кызматкерлери буга чейин кар көчкү түшкөн 231-чакырымдагы көчкүнү тазалап бүтүп, унаа жолдун 223-чакырымына барышат. Жерине №23 ЖТИден 2 жүктөгүч тартылган", - деп айтылат билдирүүдө.

Кар көчкүгө байланыштуу "Арал" жана "Сосновка" постторунда унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан