Таластагы Боо-Терек айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, кечээ, 17-февралда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында жааган кар эрип, 17 үйдү суу каптаган. Суу каптоо коркунучу сакталып тургандыгына байланыштуу Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.