Биз социалдык тармакта

Кийинки аптанын ишембиси иш күн болот

Өлкөдө алдыдагы аптанын бейшембиси эс алуу, ал эми ишембиси иш күн болот.

Кыргызстандыктар 23-февраль (бейшемби) — Ата мекенди коргоо күнү болгондуктан эс алышат. Ал эми 25-февралдагы ишемби 4-январдагы дем алыштын ордуна иш күнү боло турганы айтылды.

Мындай өзгөрүүлөр жаңы жылдан кийинки дем алыш 8-январга чейин созулганына байланыштуу болууда.

Эске салсак, министрлер кабинети буга чейин 2023-жылдагы эс алуу күндөрүнүн графигин бекиткен.

Ага ылайык, кыргызстандыктар төмөнкү күндөрү катары менен эс алышат:

  • 18-марттан 21-мартка чейин;
  • 5-майдан 9-майга чейин;
  • 4-ноябрдан 8-ноябрга чейин.
  • Дем алыш күндөрүнө жылдырылган иш күндөрү:
  • 29-апрель дем алыш күндүн ордуна 20-март иш күнү болот;
  • 13-майдагы дем алыш 8-майга жылат;
  • 11-ноябрдагы дем алыш 6-ноябрдагы иш күнүнө жылдырылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан