
Эркечтамдан Ошту көздөй чыгып дайынсыз болуп жаткан айдоочулар табылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдалды.
Маалымдалгандай, алар жолдун 220-чакырымынан 18-февралда түнкү саат 3:00 чамасында табылган. Алардан башка дагы беш айдоочу болгон.
Бүгүнкү күнгө карата Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунун 241-чакырымга чейинки аралыгы ачылды.
Анда бүгүн кечке чейин жол толугу менен бир тараптуу ачыла тургандыгын белгилешкен. Эркечтам тараптан жүк ташуучу унаалар бир тараптуу коё берилет.