ФИФАнын “Алтын топ” байгесине талапкер негизги 3 футболчунун ысымы белгилүү болду

Кечээ, 9-декабрь түнү ФИФАнын версиясы боюнча жылдын мыкты футболчусуна ыйгарылуучу “Алтын топ” байгесине негизги талапкер 3 футболчунун ысымы жарыяланды. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, ФИФАнын курамына кирген улуттук курама командалардын машыктыруучуларынын, капитандарынын жана ММКлардын өкүлдөрүнүн добушунун негизинде тизмеге “Барселонанын” чабуулчусу Лионель Месси, “Реалдын” чабуулчусу Криштиану Роналду жана “Бавариянын” жарым коргоочусу Франк Рибери кирди.

Андан тышкары ушундай эле добуштун негизинде “Жылдын мыкты башкы машыктыруучусу” наамына талапкерлер жарыяланды. Тизмеге англиялык “Манчестер Юнайтеддин” мурунку машыктыруучусу Алекс Фергюсон, мюнхендик “Бавариянын” мурунку машыктыруучусу Юпп Хайнкес жана дортмунддук “Боруссиянын” машыктыруучусу Юрген Клопп кирген.

Эске салсак, аталган сыйлык ээлерин ФИФА 2014-жылы 13-январда Цюрихте уюшулуучу салтанаттуу кечеде жарыялайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Real_Madrid95
2013-12-10 09:47:37
Кудай буйурса Роналду алат.
0
Rus90
2013-12-10 10:08:40
месси да алып калышы мумкун
0
sibiryak
2013-12-10 10:53:37
Роналду мыкты оюндарды коргозуп жатат.Рибери дагы алып калышы мумкун.1 Роналду,2 Рибери,3 Месси
0
boztalaa
2013-12-10 10:55:27
Ronaldu utup alsa menin oyumdaguday b.t ele.
0
Mir82
2013-12-10 14:22:17
Быйылкы болуп откон ойундарды корсонор Франк Рибери татыктуу го дейм.Бавария чемпион да болду
0
inoplanetyanin
2013-12-10 15:30:29
Riberi alsa jakwy bolmok
+1
mir.neymar.kg
2013-12-10 21:35:54
Месси Роналду алышына козум жетпей турат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан