Биз социалдык тармакта

ЖКККББ өлкө аймагындагы жолдордун абалы боюнча маалымат берди

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалык (ЖКККББ) өлкө аймагындагы жолдордун абалы боюнча маалымат берди.

Билдирүүгө ылайык, Бишкек-Ош унаа жолундагы "Сосновка" посту таңкы саат 05:00дө оор жүк ташуучу унаалар үчүн ачылган.

Төө-Ашуу ашуусунун 124-129-чакырымдарында жолдорду тазалоо, инерттүү каражаттарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Нарын облусунун Бишкек-Торугарт унаа жолунун 275-313-чакырымдары жана Акталчат-Казарман унаа жолунун 26-98-чакырымдарында каттам жок. Жол жабык.

Ал эми Ош облусунун Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автожолунун 98-чакырымынан 107-чакырымына чейин жолдорду кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 184-чакырымынан 265-чакырымына чейинки жол азырынча жабык. Ачылганда кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан